Жыл ичинде коммерциялык банктардын салымы 16.5% жогорулаган

1 февраля 2021, 17:00

2020-жылдын декабрь айынын аягында коммерциялык банктардагы депозиттин көлөмү 181 млрд сомду түздү. 2019-жылга салыштырмалуу салымдардын көлөмү 16.5% өскөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

 

Салымдардын дээрлик 75% 5.6% менен улттук валютада берилген  — 103.3 млрд сом. Чет элдик валюта менен кыргызстандыктар 7.7 млрд сом сакташат. Орточо жылдык чен 1.3% - 1.2% чейин төмөндөгөн. 

Жыл башында сом менен берилген депозиттин көлөмү 8.8 млрд сомго өскөн, ал эми чет элдик валюта менен берилген 18.3 млрд сомго жогорулаган.