Депутат: «Бюджеттин тешигин жабыш үчүн, ком.банктардан насыя алып жатабыз»

29 ноября 2019, 09:29

«Урматтуу өкмөт, биз бюджеттин тешигин жабыш үчүн,  коммерциялык банктардан 14% үстөмдүк менен насыя алып жатабыз», - деп айтты 28-ноябрда ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов ((«Ата Мекен») парламенттин жыйынында. Бул учурда 2020-жылга карата республикалык бюджет каралып жаткан. 

«Коммерциялык банктардан насыя алганыбыз уят да. Бул жылы 12 млрд сом насыянын пайызына жана башкы карызды жабуу үчун төлөдүк. 12 млрд сом – бул 150 млн $ же 150 мектеп. Биз бул акчаларды  пайыз төлөп анан карыз төлөө үчүн эле берип атабыз. Коммерциялык банктардан карыз алганды токтотушубуз керек. Бул өтө чоң сумма», - деп билдирди Алмамбет Шыкмаматов.