Комбанктар валюта соодасында 4,6 млн доллар сатып алышты

4 апреля 2023, 08:52

Кечээ, 3-апрелде коммерциялык банктар банктар аралык валюта соодасында 4 миллион 600 миң доллар сатып алышты. Маалыматтар күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылган.

Алардын ичинен банктар 3,7 миллион долларды келишим түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен дагы 900 миң долларды келишим түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан.

Соодалардын ачылышы жана жабылышы доллардын баасы 87,42 сом деңгээлинде болду.