Коммерциялык банктар валюта аукциондорунда 1,7 млн доллар сатып алышты

11 апреля 2023, 09:36

Кечээ, 10-апрелде коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 1 миллион 700 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу күнүмдүк соода статистикасында берилди. 

Алардын ичинен банктар 1,2 млн долларды келишим түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 500 000 долларды келишим түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан.

Соодалардын ачылышы жана жабылышы доллардын баасы 87,42 сом деңгээлинде болду.