Комбанктар валюта соодасында 1 млн доллар сатып алышты

4 марта 2024, 11:43

Коммерциялык банктар 2-марттагы банктар аралык валюта соодасында 1 миллион доллар сатып алышты. Бул маалымат күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылган.

Тактап айтканда, бардык акчалар бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүү менен сатылып алынган.

Сооданын ачылышы жана жабылышында доллардын баасы 89,4 сомду түздү.