Комбанктар валюта соодасында 4 млн 425 миң доллар сатып алышты

26 мая 2023, 09:06

Коммерциялык банктар 25-майда валюта аукциондорунда 4 миллион 425 миң доллар сатып алышты.

Анын ичинен банктар 3,8 миллион долларды келишим түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен дагы 825 миң долларды келишим түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан.

Белгилеп кетсек, буга чейин Улуттук банк ири интервенция жасаган, ага америкалык валютанын сомго карата курсунун өсүшү себеп болгон. Сатуу жыйынтыгында рынокко 60 миллион доллардан ашык акча келип түшкөн.

Кошумчаласак, ушул жылдын 6-апрелинен бери биринчи жолу аукциондо доллардын баасы 87,59 сомго көтөрүлдү.