Комбанктар валюта аукциондорунда 4,7 млн доллар сатып алышты

5 мая 2023, 10:05

Коммерциялык банктар 4-майда банктар аралык валюта аукциондорунда 4 миллион 700 миң доллар сатып алышты. Маалыматтар күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылат.

Алардын ичинен банктар 3,4 млн долларды бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 1 млн долларды бүтүмдүн датасынан башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан.

Эске салсак, буга чейин валюта соодасында доллардын баасы 87,30га чейин түшкөн.