Комбанктар банктар аралык соодада 650 миң доллар сатып алышты

22 декабря 2022, 08:59

Коммерциялык банктар 21-декабрда банктар аралык валюта соодасында 650 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.

Бүтүндөй сумма бүтүм жасалган күнү эсептешүү менен аукциондо сатылып алынган. Америкалык валютанын баасы 85,68 сом деңгээлинде болду. Бул 19-декабрга караганда 0,86% жогору.

Валютанын наркынын өсүшү 20-декабрдагы соодада болгон. Сомдун АКШ долларына карата кескин алсыздануусун текшилөө үчүн Улуттук банк интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Натыйжада алар быйыл рекорддук сумманы - 87,5 миллион долларды сатышкан.