Комбанктар банктар аралык соодада 870 миң доллар сатып алышты
Коммерциялык банктар 27-декабрда банктар аралык валюта соодасында 870 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.
Бүтүндөй сумма бүтүм жасалган күнү эсептешүү менен аукциондо сатылып алынган. Америкалык валютанын баасы 85,68 сом деңгээлинде болду.
Валютанын наркынын өсүшү 20-декабрдагы соодада болгон. Сомдун АКШ долларына карата кескин алсыздануусун текшилөө үчүн Улуттук банк интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Натыйжада мекеме быйыл рекорддук сумма - 87,5 миллион доллар саткан.