Валюта аукциондорунда коммерциялык банктар 500 миң доллар сатып алышты

27 декабря 2022, 08:49

Кечээ, 26-декабрда банктар аралык валюта соодасында коммерциялык банктар 500 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду. 

Анын ичинен 150 000 доллары бүтүм жасалган күндөгү эсептешүү менен, дагы 350 000 доллары бүтүм жасалган күндөн айырмаланган эсептешүү менен сатылып алынган.

Соодада америкалык валютанын баасы 85,68 сом деңгээлинде калууда. 20-декабрдан бери өзгөргөн жок.