Валюта соодасында комбанктар дээрлик 7 млн доллар сатып алышты

23 марта 2023, 08:23

Коммерциялык банктар 22-мартта банктар аралык валюта аукциондорунда 6 миллион 820 миң доллар сатып алышты. Мындай маалыматтар күнүмдүк соода статистикасында келтирилген.

Алардын ичинен банктар 5 620 000 долларды бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 1,2 миллион долларды келишим түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 22-мартта Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу ушул аптада биринчи аукцион өттү. 17-мартка салыштырмалуу валютага суроо-талап 9,7%га азайган. Ошол эле учурда америкалык валютанын наркы 87,42 сом деңгээлинде калды.