Комбанктар менен Кытайдын Жибек Жолу фонду кызматташууну талкуулады

24 июля 2023, 09:01

Кыргызстандын мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктары жана кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кытайдын Жибек Жолу фондунун президенти Цай Сюэцзюнь башында турган делегация менен кызматташуунун келечегин талкуулашты. Бул тууралуу экономика министрлигинен билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар республикадагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон пикир жана маалымат менен алмашышты.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, "Айыл Банк", "РСК Банк" жана кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды жана Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо боюнча сунуштарын беришти.