Комбанктар валюта соодасында 2,5 млн доллар сатып алышты

8 августа 2023, 09:15

Кечээ, 7-августта коммерциялык банктар банктар аралык соодада 2,5 миллион долларга чет элдик валютаны сатып алышты. 

Алардын ичинен банктар 1,3 млн долларды бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 1,2 млн долларды бүтүм жасалган датадан башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан.

Ошол эле учурда соодада америкалык валютанын баасы кайрадан 87,87 сомго жетти.