Коммерциялык банктар биринчи жарым жылдыкта 1,9 млрд сом киреше алышты

18 августа 2021, 14:35

Ушул жылдын январь-июнь айларындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча 28 коммерциялык банктын 19у 1 млрд 922,5 млн сом киреше алышты.  Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду. 

Сегиз коммерциялык банк 91,5 миллион сом жоготууга дуушар болгон, бир банк финансылык натыйжасы нөл болгон отчет тапшырган.

28 банктын ичинен 6 финансы институт лицензиясы жокко чыгарылган же жоюлуп жаткан компаниялар экени такталды.