Комбанктар июль айында банктар аралык валюта тооруктарында 82,7 млн доллар сатып алышкан

31 июля 2021, 11:20

Июль айында Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта тооруктарында 82 миллион 730 миң доллар сатып алышкан. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду. 

Валюта сатып алуу боюнча июль айындагы эң чоң бүтүм 29-июлда катталган, андан кийин банктар 9 миллион доллар сатып алышкан.

Банктар аралык валюта тооруктарында долларды сатып алуунун орточо баасы 1 доллар үчүн 84,68 сомду түздү.