Комбанктар бир жумада банктар аралык соодада 93,1 млн доллар сатып алышты

26 декабря 2022, 09:27

Коммерциялык банктар өткөн аптада банктар аралык валюта соодасында 93,1 миллион доллар сатып алышты. Мындай маалыматты жөнгө салуучу орган билдирди.

Аукциондо сатылган бул сумманын дээрлик 94% Улуттук банктын акчасы. 20-декабрда жөнгө салуучу валюта рыногуна интервенция менен чыгып, коммерциялык банктарга 87,5 миллион доллар саткан.

Банктар аралык соодада доллардын орточо курсу 85,533 сомду түздү. Ошол эле маалда апта башында доллар 84,95 сомдон сатылып жаткан болсо, аягында 85,68 сомго (+0,9%) көтөрүлдү.