Комбанктар бир жумада банктар аралык соодадан 34,4 млн доллар сатып алды

28 ноября 2022, 10:46

Өткөн аптада коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 34 миллион 350 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Банктар аралык соодада сатылган америкалык валютанын орточо суммасы 6,9 миллион долларды түздү. Ошол эле учурда, эң көп сумманы банктар 24-ноябрда 7,3 миллион доллар, эң азын 22-ноябрда 5 миллион 550 миң доллар сатып алышкан.

Орточо курс 84,43 сомду түздү.