Комбанктар бир жумада банктар аралык соодада 43,4 млн доллар сатып алышты
Өткөн аптада коммерциялык банктар банктар аралык аукциондо 43 миллион 350 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Алардын ичинен банктар 28-ноябрда эң көп $14,5 млн сатып алышкан. Бул бир жума мурункуга салыштырмалуу суроо-талап 26,6%га өскөн.
Аптадагы аукциондо доллардын орточо курсу 84,44 сомду түздү. Ал бир жума мурунку курска салыштырмалуу орточо 0,01%га өскөн.