Комбанктар бир жума ичинде валюта соодасынан 19,26 млн доллар сатып алышты

19 декабря 2021, 10:01

Жума ичинде коммерциялык банктар банктар аралык валюта соодада 19 млн 260 миң доллар сатып алышты.  Америка валютасынын бирдигин орточо сатып алуу курсу 84,798 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти.

Эң ири келишим 17-декабрда болуп, банктар 7,65 млн доллар сатып алышкан.

Белгилей кетсек, өткөн аптага салыштырмалуу валютага суроо-талап дээрлик беш эсеге кыскарган.