ЖК комитети Азербайжан менен өнүктүрүү фондун түзүүнү жактырды

16 февраля 2023, 09:11

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргызстан менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө долбоорду жактырды.  

Макулдашуунун максаты эки мамлекеттин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы соода-инвестициялык жана финансылык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо.  

“Фонд агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль, кайра иштетүү, тоо-кен металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетикалык комплекс, инфраструктура өнүктүрүү, туризм жана башка секторлор сыяктуу тармактарда насыя берүү аркылуу Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорду каржылайт”, - деп түшүндүрдү Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Аталган фондду фонддун кеңеши жана фонддун башкармасы жетектейт. 

Белгилеп кетсек, фонддун уставдык капиталына азербайжан тараптын салымы 25 миллион долларды түзөт.