Валюта соодасында комбанктар 5,4 млн доллар сатып алышты

10 февраля 2023, 08:47

Кечээ, 9-февралда коммерциялык банктар банктар аралык валюта соодасында 5,4 миллион доллар сатып алышканын жөнгө салуучу орган билдирди.

Алардын ичинен банктар 1,6 млн долларды бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 3,8 млн доллары бүтүм түзүлгөн датадан башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алышкан.

Соодалардын ачылышы жана жабылышы доллардын баасы 7-февраль деңгээлинде – 86,77 сомду түздү.