Валюта аукциондорунда коммерциялык банктар 700 миң доллар сатып алышты

17 февраля 2023, 09:03

Кечээ, 16-февралда коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 700 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу күнүмдүк соода статистикасында берилди. 

Бардык бүтүмдөр түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен жүргүзүлгөн. Аукциондо доллардын баасы 87,42 сом деңгээлинде калды.

Эске салсак, аукциондо валютага суроо-талап Улуттук банк валюта рыногуна 15-февралда чыгып, 35,6 миллион доллар саткандан кийин азайган.