Коммерциялык банкка 22 млн сомдон ашык айып салынды

2 февраля 2024, 15:23

Кыргызстанда коммерциялык банктардын бирине ири өлчөмдө айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Айып пулдун көлөмү 22 млн 680 миң сомду түздү.

“Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети коммерциялык банкка Улуттук банктын талаптарын жана өлкө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып пул салып, айрым кызмат адамдарына карата жаза чараларын колдонду”, - деп айтылат маалыматта.