Минкаб банктарда алтын, күмүш куймасын сатууну караштырууда

23 августа 2022, 10:41

Кыргызстанда коммерциялык банктарга алтынды жана күмүштү өлчөнгөн куймалар жана монеталар түрүндөгү сатуу жана сатып алуу укугун берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров банк секторунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бул валюталык тобокелдиктерди диверсификациялоо механизмдеринин бири болуп калат.

Ал ошондой эле чакан ГЭСтерди куруу үчүн ресурстарды мобилизациялай турган банктардын консорциумун түзүү пландалып жатканын билдирди. Буга байланыштуу министрлер кабинетинин башчысы банк тармагын тыгыз кызматташууга чакырды.