Коммерциялык банктардын депозити жыл ичинде 24.3 млрд сомго жогорулады

4 ноября 2020, 09:50

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын депозиттик базасы сентябрда 171.2 млрд сомго жетти. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өсүү 24.3 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда маалымдалат. 

Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү каражаттарын сом менен сакташат. Аманаттардын 70% же 100.6 млрд сом улуттук валютада сакталган. Чет элдик валютада сакталган аманаттардын көлөмү 70.6 млрд сомду түзөт. 

Депозиттердин улуттук валютадагы орточо чени 5.9%, чет элдик валютада – 1.2% түзөт.