Коммерциялык банктарда доллар 98 сомдон сатылууда

4 марта 2022, 12:41

Коммерциялык банктарда доллар 96,50 сомдон сатып алынып, 98 сомдон сатылууда. Ошондой эле Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу 96,68 сом болсо, сатуу 98,53 сом болууда.

Ал эми бактарда евро 106,50 сомдон сатып алынып, 108 сомдон 111 сомго чейин сатылууда. Акча алмаштыруучу жайлар еврону 106,41 сомдон сатып алып, 109,45 сомдон сатууда.

Орус рубли банктарда 0,85 – 0,97 сомдун тегерегинде сатып алынып, кайра 1,07 – 1,15 сомдон сатылууда. Акча алмаштыруучу жайларда рубль 0,86 сомдон сатып алынып, 1,09 сом болууда.

Белгилей кетсек, 24-февралдан тарта Россия тарабынан Укринанын аймагында жүргүзүлүп жаткан атайын операцияга байланыштуу доллардын курсу өсүүдө.