Кыргызстандык ишканалар Катардагы бал жарманкесине катышууда
Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги Элчилигинин колдоосу менен кыргыз балын өндүрүүнү жана экспорттоону ишке ашырып келген GIMNILI, «Маңыз», Balary, Kyrgyz Honey жана Nocturne ишканалары «Сук Вакиф 2020» аталышындагы бал көргөзмө-жарманкесинде катышууда. Аталган иш - чара 30 - январдан 8 - февралга чейин Доха шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Көргөзмөнүн уюштуруучулары- Катар мамлекетинин соода жана өндүрүш минстрлиги менен Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлиги. Иш-чарада 37 мамлекеттен барган 150дөн ашуун ишкана катышууда.
Кыргызстандан барган катышуучулар жарманкенин меймандары арасында чоң популярдуулукка ээ болгон балдын сортторун көрсөтүштү.