«АБН» компаниясы облигациялар боюнча 1,2 млн сом киреше чегерди
"АБН" микрофинансылык компаниясы 1,2 млн сом суммасында чыгарылган 58 облигация боюнча кирешелерди чегерген. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан маалым болду.
Натыйжада компания учурда облигация ээлерине 1 миллион 174 миң 920 сом өлчөмүндөгү кирешени төлөп берди, дагы 25 миң 80 сому суроо-талапсыз калды.
"АБН" микрофинансы компаниясынын облигацияларынын номиналдык баасы 1 миң сом, кирешелүүлүгү 16% экенин кошумчалайбыз.