Hac Agri Кыргызстанга жемиштерди Пакистандан реэкспорт кылууну сунуштады

7 октября 2021, 16:00

Hac Agri компаниясы Кыргызстанга реэкспорт мүмкүнчүлүгү менен Пакистандын цитрус жана жемиш продуктыларын жеткирүүнү уюштурууну сунуштады. Пакистандагы элчи Уланбек Тотуяевдин Hac Agri компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, Has Agri Пакистан жана башка потенциалдуу өлкөлөрдүн рыногуна Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Бул визиттин алкагында пакистандык ишкерлер Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана жеке структураларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды пландаштырышкан.