Бириккен Араб Эмираттарына Кыргызстандан эт жөнөтүү боюнча келишим түзүлдү

6 октября 2022, 16:48

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун жардамы менен ата мекендик “Торо” эт компаниясы “Al Sileitiin Trading Company” менен Бириккен Араб Эмираттарына ай сайын жаңы муздатылган “халал-адал” козусун алып келүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Келишимде жалпы көлөмү 50 тоннадан 100 тоннага чейин жеткирүү үч этап менен жүргүзүлөөрү көрсөтүлгөн.

БАЭ рыногуна айыл чарба жана тамак-аш продуктыларын жеткирүү үчүн, ал ушул продукцияны импорттоо боюнча учурдагы талаптарга жооп бериши керек. Эреже катары, төмөнкү шайкештик сертификаттары талап кылынат.

  • Ветеринардык сертификат:
  • “Халал” сертификаты (мамлекеттик);
  • Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө сертификат;
  • Фитосанитардык сертификат;