Катуу таштандыларды чыгаруучу ишкана мэрия менен келишимди бузду

31 октября 2022, 12:12

Катуу таштандыларды чыгаруучу “Комтранском” ишканасы калктын карызына байланыштуу Бишкектин Октябрь районун тейлөөдөн баш тартты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган ишкана 2016-жылдан бери катуу таштандыларды аймактан чыгарып келе жатат. Бул аралыкта тургундардын ишканага болгон карызы 12 миллион 70,6 миң сомду түзгөн.

Мындан улам, 29-октябрдан тартып Октябрь районунан таштанды-калдыктарды “Тазалык” муниципалдык ишканасы ташууда.