Alibaba компаниясына 2,8 млрд $ айыппул салынды

12 апреля 2021, 13:30

Кытайдын монополияга каршы жөнгө салуучу органы Alibaba компаниясына 2,8 миллиард доллар айып салды, анткени компания платформа сатуучуларына башкалар менен өнөктөш болууга мүмкүнчүлүк берген жок, деп маалымдайт WSJ.

[жаңылыктар 34016]

"Алибабанын" ишкердик практикасы, КЭР бийлигинин айтымында, атаандаштыкты чектейт, жаңыланууга таасир этет, сатуучулардын укуктарын бузат жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына зыян келтирет. Компания үч жылдын ичинде өз ишкердигинин эрежелерин өзгөртүп, отчет тапшырышы керек болчу.

Эске салсак, буга чейин Кытай өкмөтү компанияны 975 миллион долларга айыппул салабыз деп коркуткан, бул рекорддук айып пул болушу мүмкүн, бирок чындыгында анын суммасы бир топ жогору болуп чыккан.