Депутат: Мамлекетке тиешелүү мүлктү мажбурлап арзан баада эмес, базар баасы менен сатып алуу керек

25 октября 2019, 09:32

Кыргызстанга калктын мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун кайра толтуруу боюнча методика иштелип чыгышы керек. Бул тууралуу парламентте депутат Марат Аманкулов билдирди. 

Анын айтымында, мамлекетке тиешелүү жерлерди  жашоочулардан алып жаткан учурунда үй, жер тилкелерди арзан сатууга мажбурлайт. Бул учурда мамлекет өзүнүн кадыр-баркын түшүрүп алууда жана жарандар менен соттошууга аргасыз кылууда. Жер тилке менен үйлөрдүн баасы базар баасы менен чектелиши керек. 

Белгилей кетсек, 2020 – жылы борборго көпүрө салуу жана  көчөлөрдү кеңейтүү пландалууда.