Октябрдын аягында Кыргызстан кимге, канча карыз?

10 декабря 2021, 11:01

Ушул жылдын 31-октябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 885,5 миллион долларды же 414 миллиард 290,77 миллион сомду түздү. Мындай маалыматтарды Каржы министрлигинен билдиришти. 

Салттуу түрдө карыздын басымдуу бөлүгү же тышкы карыздын 42,4%ы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (1 млрд 766,18 млн доллар) туура келет.

Бир жылга жетпеген убакытта Кыргызстандын тышкы карызы 52,8 миллион долларга кыскарды. Бул негизинен Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигине, ЭВФке жана Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына кредиттердин бир бөлүгүн төлөөгө байланыштуу болду.