Көмүскө экономиканын көлөмү 24,5% дан 23,6%га кыскарды

7 октября 2019, 17:40

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында көмүскө экономика тууралуу суроолор болду. 

Экономика министрлигинин орун басары Автандил Алыбаевтин айтымында, Улуттук статистика комитетинин акыркы чыгаргын эсбине ылайык, бүгүнкү күндө көмүскө экономиканын көлөмү 23,6% түзөт. Ал эми эксперттер 30-40% деп айтышууда. 

«Бүгүнкү күндө бул тармактагы изилдөөнү аяктап, план иштеп жатабыз. Эгерде план боюнча кетсек, көмүскө экономиканын көлөмү кыскарат” – деп билдирди министрдин орун басары. 

А.Алыбаевдин айтымында, көмүскө экономиканын көрсөткүчү 24,5% болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 23,6% түзөт. 

  Эл өкүлү Т.Масабиров Мамлекеттик салык кызматына, Айыл-чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация минимстрлигине өлкөдө кеңири колдонулган товарга (кумшекер, туз, күкүрт ж.б.) кайрадан салыкты киргизүү сунушун билдирди.