Иорданиянын консулдугу Кыргызстанга 8 млн сомго жардам көрсөттү
Иорданиянын Кыргызстандагы консулдугу өлкөгө 8 млн сомго жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
«Иорданиядын Кыргызстандагы ардактуу консулу Аль-Саббах Карам Самир Адиб COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө өзүнүн салымын кошту. Жалпы суммасы 8 млн сомдук азык-түлүк жана жеке гигиеналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам Кыргызстандагы социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, медициналык кызматкерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүнүн туруктуу жашоочуларына жана оор абалдагы топко кирген башка социалдык объектилерге берилет», - деп айтылат маалыматта.