Акаев: Жакынкы күндөрү контрабандисттер Ак үйгө келип, депутаттарга бензин саткана калышты

13 мая 2020, 13:30

Бишкектин четинде күйүүчү майды  контрабанда жолу менен сатып жаткандар толтура. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев ЖК жыйынында билдирди. 

«Жакынкы күндөрү контрабандисттер Ак үйгө келип, депутаттарга бензин саткана калышты. Бишкекти толугу менен каптап бүтүштү. Эксперттердин айтымында, бир жылда күйүүчү майдын контрабандалык жол менен сатылышынан улам бюджетке 5 млрд сомго жакын каражат түшпөй калып атат. Буга карата  сизге  сунуш: финансы полициясы, салык кызматы, антимонополия тармагындагы 3-4 жетекчини кызматтан алып, реалдуу кадамдарга барышыңыз керек. Чечкиндүү кадамга барганда гана контрабанда токтойт. Баткенде 4 айда контрабанда боюнча 22 факт катталды деген маалымат жалган. 22 факт түшкө чейин гана катталат», — деп айтты депутат.