Коомдук транспортто жолгире 20 сомго көтөрүлүшү мүмкүн

30 октября 2023, 13:09

Транспорт жол акысын жогорулатуу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Белгиленгендей, учурдагы токтомдо мэрия жүргүнчүлөрдү жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу тарифтерин өзгөртүү маселесин кароодо эксплуатациялык чыгымдардын өзгөрүшүн жана инфляциянын деңгээлин эске алуусу керектиги белгиленген. 

Буга байланыштуу муниципалитеттин транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү бөлүмү жүргүнчүлөрдү коомдук транспорт менен ташуунун баасын эсептеп чыккан. 
Троллейбустар, автобустар (менчигинин түрүнө карабастан) жана кичи автобустар үчүн бирдиктүү жол кире акысын 20 сомдон белгилөө сунушталууда.

Мында жаш курагы боюнча пенсионерлерге, I, II, III топтогу жалпы оорунун жана өндүрүштүк мертинүүнүн майыптарына, бала кезинен тартып, жети жашка чейинки балдарга, “Кыргыз почтасы” ААКсынын почтальондоруна өз кызматтык милдеттерин аткарууда жеңилдиктер сакталат.