Коомдук транспорт акысы 17 сомго көтөрүлүшү мүмкүн

22 декабря 2023, 10:40

Коомдук транспортто жол кире накталай эмес, “Тулпар” менен төлөнсө 17 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, нак акча төлөгөндө жүргүнчү 20 сом төлөшү керек болот.

Максатбек Сазыкулов белгилегендей, октябрь айында мэрия долбоорду Бишкек шаардык кеңешине тапшырганда жол кире акысын 20 жана 25 сом деп белгилөө сунушталган.

“Бирок коомдук талкууну эске алып, биз тарифти өздүк наркынан – 20 сомдон жогору көтөрбөөнү чечтик”, - деди ал.

Вице-мэр кошумчалагандай, кээ бир электрондук капчыктар аркылуу төлөөдө жүргүнчүлөр кэшбэк алышат. Ошентип жол кире баасы дагы төмөндөйт.

"Биздин мамлекеттик өнөктөштөрүбүз менен, атап айтканда "Megapay" компаниясы менен жарандар үчүн бул тариф дээрлик мурдагы деңгээлде - 11 сом бойдон калат, ал эми жогорулатылган бөлүгү кэшбэк катары кайтарылат", - деп кошумчалады Сазыкулов.