Бишкекте муниципалдык автобус, троллейбуска жол кире кымбаттайт
Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнү бир добуштан жактырды.
Жаңы тарифтер токтом расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, жол кире төмөнкүдөй болот:
- накталай акча - 20 сом
- накталай эмес төлөм (Тулпар карталары) - 17 сом
- мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен - 11 сом.