Коомдук унааларда жол кирени дагы көтөрүү сунушталды

26 января 2023, 17:35

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко төлөнүүчү акыны жогорулатуу сунушун коомдук талкууга койду. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол акысын төмөндөгүдөй жогорулатуу сунушталууда;  

  • Троллейбус – 15 сом,
  • Менчигинин түрүнө карабастан автобус (кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустардан тышкары) – 15 сом;
  • Менчигинин түрүнө карабастан кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобус – 21 сом;
  • Маршрутка – эртең мененки саат 6:00дөн 20:30га чейин 21 сом, кечки саат 20:30дан 6:00гө чейин 32 сом,
  • Экспресс маршрутка – №233, 234 – 22 сом, №123, 226, 252 – 32 сом,
  • Автобус менен троллейбуска жүк ташуу – 40 кг жогору же 50×60×100 см түзгөн жүккө 10 сом.
  • Коомдук транспортто бир айлык жүрүүнүн акысы:
  • Мектеп окуучуларына – 320 сом,
  • Жалпы (автобус, троллейбус) – 920 сом.