«Коопсуз микрорайон» долбооруна 1,5 млн сом бөлүндү

20 февраля 2020, 16:00

«Коопсуз микрорайон» долбоорун реализациялоого жергиликтүү бюджеттен 1 млн 500 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Пилоттун алкагында октябрь районунун 6-кичи району тандалды. Баштапкы этабында коомдук административдик объекттердин жанында жана жолдордун ички кесилиштеринде 72 видеокамера орнотулду.

Мэрия белгилегендей, камералардын жардамы менен бир катар уурдоолордун жана башка кылмыштардын бети ачылды.

Кийинки этапта 11,12 жана «Асанбай» кичи райондорунда видеокамералар орнотулат.