Кореялык суу корпорациясы Кыргызстандын потенциалын изилдеп жатат

29 декабря 2022, 10:53

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын K-Water суу корпорациясынын президенти Пак Дже Хен менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө Аида Исмаилова Кыргызстан Корея менен гидроэнергетика, суу менен камсыздоо, ирригация жана башка тармактарда кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

Өз кезегинде K-Water компаниясынын президенти учурда Кореянын суу корпорациясы Кыргызстандын потенциалын жана жогоруда аталган багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарын изилдеп жатканын билдирди.

“Тараптар ошондой эле Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн планын жана Чүй дарыясында чакан ГЭСтерди өнүктүрүү планын иштеп чыгуу боюнча гранттык долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле суу ресурстары жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдору”, - деп белгиледи Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.