Корея 21,2 млн долларлык үч долбоорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат

16 февраля 2023, 10:33

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чже менен 2023-жылга карата Корея тарабынан каралып жаткан долбоордук өтүнмөлөр боюнча сүйлөшүү жүргүздү. 

Тактап айтканда, кореялык тарап Кыргызстанда 21,2 миллион долларлык үч долбоорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Алар:

  • Кореянын алдыңкы технологиялар институтунун колдоосу менен “Кыргызстанда 2024-2028-жылдарга туруктуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү” (бюджети 9 млн доллар).
  • Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Корея агенттиги тарабынан “Инфекциялык ооруларды изилдөө институтун түзүү”(бюджети 8 млн доллар).
  • Кореянын Транспорт министрлиги тарабынан “Кыргызстандын геомейкиндиктик маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүн жана жерди башкарууну жакшыртуу үчүн геомейкиндиктик маалыматтык кызматташуу борборун түзүү” (бюджети 4,2 млн доллар).

Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев, Кыргыз-түштүк кореялык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү биздин өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү жана приоритеттүү багыты болуп келгенин жана болуп кала берээрин белгиледи. Ал эми, элчи Ли Вон Чже корей тарап кыргыз-корея кызматташтыгын андан ары илгерилетүүнү улантаарын айтты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө, “Жаңы айыл үчүн кыймыл” коомдук бирикмесинин төрагасы Асуан Жакыпов республиканын аймагында айылды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруудагы тажрыйбалары менен тааныштырды. 

“Бул жааттагы кызматташтыкты андан ары чыңдоо максатында Корея тарапты долбоорлорду мындан дагы натыйжалуу ишке ашыруу жана Сэмаыль Ундонгдун тажрыйбасын Кыргызстандын бардык аймагына жайылтуу үчүн Бишкекте “Сэмаыль Ундонг” борборунун кеңсесин ачуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырам”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.