Коронавирусту алдын алуу боюнча иштеп жаткан дарыгерлерге сый акы төлөнө баштады

7 марта 2020, 09:00

Коронавирустун келишин жана жайылышын алдын алуу боюнча иштеп жаткан дарыгерлерге сый акы төлөнө баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Ал белгилегендей, коронавирусту алдын алуу боюнча медициналык кызматкерлер күнү-түнү иштеп жатышат. Алар – штаб, обсервация, ооруканалардын кызматкерлери.

«Алардын айрымдары чыдабай, жумуштан кете баштады. Ошондуктан маянасынан тышкары аларга кошумча жумуш үчүн сый акы, маяна төлөнүп жатат. Биз аларды акысыз иштөөгө мажбурлабашыбыз керек»,- деди ал.