Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 5.3 млн сом топтолду

23 марта 2020, 09:00

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 22-мартка карата 5.3 млн сом келип түштү. Бул тууралуу каржы министрлиги билдирди.

Анын ичинен 1.2 млн сомду жарандар медициналык беткаптарды алуу үчүн которушкан. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жалпы эсепке өзүнүн бир айлык эмгек акысын 53 миң сом которгон.