COVID-19: чогулган каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү

29 апреля 2020, 11:15

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын төрагалыгы астында коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн физикалык жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күрөшүү боюнча ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды жана саламаттык сактоо министрлигинин 38,5 млн сом өлчөмүндө мурда бөлүнгөн каражаттарды пайдалануусу тууралуу маалыматы угулду.

Комиссия мүчөлөрүнө саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын апрель айына карата медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн керектелген 229 млн 418 миң 400 сом өлчөмүндөгү каражат тууралуу айтылды.

Комиссиянын айрым мүчөлөрү, чогултулган каражатты жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу керектигин билдиришти. 

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө үчүн 95 млн 584 миң сом өлчөмүндөгү өтүнмөсү добуш берүүгө коюлду, жыйынтыгында комиссиянын катышып жаткан 15 мүчөсүнүн ичинен 11и бул чечимди колдоп, 4 мүчөсү калыс бойдон калышкан.

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигинин оорунун очогу орун алган аймактарда ишке тартылган саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана ишке тартылган жактарга 95 млн 584 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр үчүн өтүнмөсү жактырылды.

Финансы министрлигине Саламаттык сактоо министрлигинин билдирмесиндеги 133 млн 833 миң сом өлчөмүндөгү жетишпеген сумманы каржылоо тууралуу маселени иштеп чыгуу тапшырылды, анткени билдирмедеги көрсөтүлгөн сумма Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн сумманын жалпы көлөмүнөн жогору саналат.