Коронавируска байланыштуу дүйнө жүзүндө өткөрүлө туруучу көргөзмөлөр токтотулду

10 марта 2020, 13:40

Дүйнө жүзүндө өткөрүлө турчу 400гө жакын коммерциялык көргөзмөлөр коронавирустун жайылышына байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Forbes порталы билдирди. 

Анын ичинен 10 көргөзмөнү Россия экспорт борбору уюштурмак. 

Россия экспорт борборунун башкы директору Вероника Никишина айтып кеткендей, коронавирустун экспортко тийгизген терс таасири 2020-жылда жүргүзө туруучу алгачкы анализинде билинет. Никишина белгилеп кеткендей, экспорт борбор эффективдүү жумуштун негизинде экспорттун жыйынтыктарын жакшы көрсөткүчкө алып чыгууну көздөйт. Коронавирустун таасири астында токтоп калган ишти дүйнөлүк практиканын негизинде колдонуу планында турганын билдирди.