2021-жылы коронавирус менен күрөшүү үчүн министрлик 2.4 млрд сом бөлөт

6 апреля 2021, 09:45

2021-жылы Экономика жана Финансы министрлиги тарабынан эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда, коронавирус менен күрөшүү үчүн 2.4 млрд сом бөлүү пландалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

 

Министрликтен белгилеп кетишкендей, каражаттар күтүлбөгөн чыгымдарга берилет. Андан сырткары, медицина кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрүнө 500 млн сом бөлүндү. 

Экономика жана Финансы министрлиги коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө жүргүзүүгө өнөктөштөрдөн каражат алуу үчүн, атайын долбоорлор жиберилүүдө.