Коронавируска байланыштуу ишин токтоткон Toyota Кытайда кайра иштей баштады

24 февраля 2020, 16:30

Япониялык ири Toyota Motor компаниясы Кытайдын Чэнду шаарындагы ишин баштады. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди. 

Муну менен катар, коронавируска байланыштуу Кытайда убактылуу токтотулган төрт компания дагы ишин баштаганы маалым болду. 

Чагнчунь, Гуанчжоу жана Тяньцзинь шаарларындагы Toyota Motor компаниясы ишин өткөн жумада башташкан. Бирок, Кытайдагы башка ишканалардын 50 пайызы гана иштеп жатышат. 

Toyota Motor компаниясы Кытайдагы ишин Жаңы жылдык майрамдардан кийин, февраль айынын башында баштоону пландаган, андан соң 10-февралга жылдырышкан. Кийинчереээк коронавируска байланыштуу абал жакшырбагандыктан иштөө мөөнөтүн жылдырууга туура келген.